ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата Ош шаарында “Жибек-жолу марафону-2024” массалык чуркоо жарышы өттү.
Массалык чуркоого Кыргызстандын бардык аймагынан, Казакстан, Өзбекстандан спортчулар, жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер, мектеп окуучулары катышты.
Марафонго 1000ден ашуун жаран катышты. Жарыштын алкагында катышуучулар 14+, 45+, 55+ категориялары боюнча 3, 5 жана 10 чакырым аралыкка чуркашты. Бардык катышуучулар алдын-ала каттоодон өтүп, ар бири катар номер алышкан.
“Мындай массалык чуркоону камтыган марафон ОшМУнун тарыхында алгачкы жолу өтүп жатат. Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети, колдоо көрсөткөн демөөрчүлөр менен биргеликте уюштурулууда. Марафонго Кыргызстан боюнча жалпы билим берүүчү мекемелер менен биргеликте шаар тургундарын, кесипкөй спортчуларды чакырганбыз. Биздин мааракелик иш-чараны колдоп келген жалпы катышуучуларга, жогорку окуу жайдын ректорлору баштаган жамааттарга ыраазычылык билдирем.”,-деди ректор Кудайберди Кожобеков.
“Жибек-жолу марафону-2024”
11 июля 2024